Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

09.10.2023, 03:15

Тоң райондук прокуратурасы Кажы-Сай айылындагы 0,60 гектар жер тилкеде жайгашкан мектеп-интернаты 2008-жылы мыйзамсыз түрдө жеке жактарга менчикке берилип кеткендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган социалдык обьектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган.

“Прокурордук актысынын негизинде базар баасы 14 млн 788 миң сомду сомду түзгөн аталган мектеп-интернаттын имараты, 0,60 гектар жер тилкеси менен муниципалдык менчикке Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылды”, - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее