Опубликовано
04.04.2022, 09:03«Газпром Кыргызстан» компаниясы Токмок шаарынын четинде жайгашкан метан куюучу жайын толук реконструкциядан өткөрүп, анын жыйынтыгында станциянын кубаттуулугу эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындан ары бир эле учурда 6 машинага метан куйса болот жана анын ылдамдыгы мурункугу караганда үч эсеге жогорулатылды. Бул жай жана күз мезгилиндеги чегине жеткен жумуш убактысында кезек күтүү маселесин чечкенге жардам бермекчи.
Эмнелер курулат жана жаңыртылат:
Айта кетсек, метан менен жылына 50 000 сомго чейинки каражатты үнөмдөсө болот. Тактап айтканда, Метан 92 бензинден 2,4 эсеге арзан: 100 чакырымга чыгымы 10 литрди түзгөн унаанын айдоочусу (күнүгө 33 чакырым жүрсө) жылына 47 725 сом каражат үнөмдөй алат.