Опубликовано
03.06.2024, 05:10Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 3-июнга карата 9 млрд 930,80 млн куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, күнүнө суунун орточо агып кириши секундасына 570 куб метрди жана агып чыгышы 400 куб метрди түзүүдө.
Былтыр 3-июнда суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 млрд 646,44 млн куб метрди түзгөн.