Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

07.05.2024, 04:48

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 62 өкүлү бал аарычылык боюнча окуудан өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда бал аарычылык жигердүү өнүгүп, экспорттолууда. Бирок, алгач үй-бүлөлөрдүн бул тармак боюнча маалыматы жана билими жетишсиз болгондуктан, “Социалдык келишим” программасынын катышуучулары үчүн бул тармак аксап калууда.

"Бүгүнкү күнгө чейин мамлекет менен келишим түзгөн 12,8 миң үй-бүлөнүн 144ү гана бал челек ачкан. Бул учурда, социалдык контракттын жүрүп жаткан ишин талдоо аарычылык жогорку киреше алып келерин көрсөттү", - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее

  • 06.05.2024, 22:48:54