Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    26.07.2024, 04:45

    2-августта Жалал-Абадда Токтогул районунун туризмди жана креативдүү индустрияны өнүктүрүү стратегиясынын бет ачары жана коомдук талкуусу өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы БУУнун өнүктүрүү программасынан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, ал Кыргызстандын уникалдуу тоолуу аймагын өнүктүрүүнүн жаңы этабы болуп калат.

    Стратегия жаңы кайра түзүлгөн “Токтогул районунун дистанциясы” коммерциялык эмес уюмунун ишинин багытын аныктайт.

    Ал туризм тармагында жергиликтүү ишкерлердин аракеттерин бириктирет.

    Жолугушуу Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими Акылбек Тукебаевдин төрагалыгы астында, Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаевдин, айыл аймактарынын айыл өкмөт башчыларынын, республикалык бийлик органдарынын жана Жалал-Абад облусунун өкүлдөрүнүн, Токтогул райондук администрациясынын катышуусунда өтөт. Талкууга туризм жана креативдүү индустрия тармагындагы ишкерлер, өкмөттүк эмес уюмдар, айыл чарба жана өндүрүш өкүлдөрү,туристтик коомчулуктун өкүлдөрү жана жергиликтүү активисттер катышат.


    Читать похожее

    • 25.07.2024, 22:45:29
    • 12.04.2024, 02:00:27