Опубликовано
14.06.2024, 05:05Токтогулдагы суунун көлөмү көбөйүүдө. “Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, 14-июнга карата аталган суу сактагычта суунун көлөмү 10 млрд 289 млн куб метрди түздү.
Суунун агып келиши секундасына 1 миң 22 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 433 куб метрди түзүүдө.
Буга карабай энергетиктер калкты электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.