Опубликовано
29.04.2020, 06:00Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы, Кадамжай жана Баткен райондорундагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөттү.
[news 23670]
Жергиликтүү бийлик жетекчилеринин катышуусу менен 130 үй-бүлөгө бир каптан ун жана өсүмдүк майы таратылды. Көмөк алгандардын көпчүлүгү коңшу Өзбекстандан жер которгон этникалык кыргыздар болсо, калганы Тажикстандан келген журтташтар.