
Опубликовано
17.07.2023, 05:382026-жылга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 700гө жакын жаңы атайын техникалар сатылып алынат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 265 жаңы атайын техниканы тапшыруу аземинде билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин материалдык-техникалык базасын толугу менен жаңылоо планда турат.
“2022-жылы министрликке 32 даана жол куруу техникасы берилген. Быйыл атайын техникаларды алууга эле республикалык бюджеттен 5 млрд сом, башка долбоорлорго 6 млрд сом бөлүнгөн”, - деди президент Садыр Жапаров.



