
Опубликовано
21.11.2023, 10:15Транспорттук көзөмөлдү күчөтүүнүн натыйжасында жылдын 10 айында өлкө казынасына дээрлик 50 млн сом түштү. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, сумма өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көп.
Бул убакыт аралыгында 500 миң 500дөн ашык машине текшерилди.
Текшерүү өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлдү.