Akchabarsearch
    Источник фото: WWW

    Опубликовано

    27.04.2023, 05:39

    Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

    Жолугушууда тараптар өзгөчө соода-экономикалык кызматташууну илгерилетүү максатында биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

    “Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жигердүү иштөөдө. Кыргызстанда чет өлкөлүк капиталды коргоонун жана сактоонун мамлекеттик гарантияларын камсыз кылуу жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн ишкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө”, - деди ал.

    Ал эми кытайлык ишкерлер өз ара соода жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана эки тарапты тең кызыктырган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экенин билдиришти.

    Белгилеп кетсек, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 4 млрд. 130 млн. долларды түзгөн.


    Читать похожее