akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    09.07.2020, 03:30

    Түркия COVID-19 менен күрөштө Кыргызстанга медициналык каражат түрүндө гумжардам жөнөтөт. Бул тууралуу Түркиянын КРдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

    [news 25916]

    «Түркия Республикасы COVID-19га каршы күрөштө кыргыз элине жардам берүүнү улантууда», - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

    Анын алкагында Түркия Республикасынын өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда төмөндөгүдөй келишим түзүлдү.

    Түркия төмөнкү медкаражаттарды Кыргызстанга жөнөтөт:

    •жасалма дем алдыруучу аппараты - 20 даана:
    •респиратордук беткап (N95) - 50 миң даана:
    •хирургиялык маска - 100 миң даана:
    •медициналык комбинезон - 35 миң даана:
    •жүз коргогуч - 2 миң даана:
    •SARS-CoV-2 (2019-nCov) RT-qPCR ПЦР тест - 20 миң даана:
    •вирустук нуклеин кислотасын изоляциялоочу комплект (Virus Nucleic Acid Isolation Kit) - 20 миң даана:
    •гидроксихлорохин дарысы - 10 миң куту:
    •кычкылтек концентратору - 50 даана.

    «Аталган грант түрк тарабынын кыргыз тарабына болгон достук жана жакшы ниетинин көрсөткүчү катары ишке ашырылууда. Жардамдар түздөн-түз КРнын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет», - деп кошумчалашты элчиликтен.