Akchabarsearch
Источник фото: КР ТИМ

Опубликовано

09.03.2021, 08:45

Эртең, 10-мартта Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

[news 27237]

Сапардын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлɵшүүлɵрү жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун 4-жыйыны болуп ɵтɵт. Ошондой эле Түркиянын тышкы иштерминистри Чавушоглунун Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуулары пландаштырылган.

Алдыда боло турган жолугушуулардын жана сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары ɵнүктүрүү жана бекемдɵɵ боюнча мурда жетишилген келишимдерди, кыргыз-түрк мамилелери үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.


Читать похожее