Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

03.02.2020, 11:50

2020 - жылы Түркмөнстанда 10 млн бак отургузулат. Тиешелүү токтомго өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койгонун түркмөнстандык orient.tm агенттиги жазат.

Агенттик жазгандай, Ашхабаддын айланасында эле 5 млн бак тигилет. Аны менен бирге өлкөнүн аймактарында 5 млн дарак отургузулат.

Ал эми бул иштин башында туруп, уюштуруу милдети Түркмөнстандын Айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигине тапшырылган. Министрлик борбордук жана облустук администрацияларды көчөттөр менен камсыз кылып, алардын отургузулушун көзөмөлдөйт.

Эске сала кетсек, 2018 - жылы Түркмөнстан 3 млн түп бак отургузган.


Читать похожее

  • 23.03.2021, 21:30:02
  • 30.09.2020, 23:35:50
  • 14.04.2020, 04:00:25
  • 03.02.2020, 05:50:11