Опубликовано
11.08.2023, 04:08Бишкек троллейбус башкармалыгы “Т” категориясындагы айдоочуларды кабыл алууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңыдан баштагандар үчүн окуу жана тажрыйба алуу акысыз болот. Курсту аяктагандан кийин шаардык троллейбус башкармалыгы кызматтык ишке орношууга жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берет.
“20-августтан баштап накталай эмес төлөмдөргө өткөндөн кийин айдоочулардын айлык маянасы 50 миң сомду түзөт”, - деп билдирди мэрия.
Белгилеп кетсек, Бишкектеги эки троллейбустук автобазанын базасында Азия өнүктүрүү банкы сатып ала турган электробустар үчүн станциялар пайда болот.
Келишимге ылайык, мэрия экотранспорт үчүн инфраструктураны даярдашы керек, андан соң АӨБ электробустарды жеткирүүчүлөр менен келишим түзөт. Долбоорго 59,55 млн доллар каралган. Анын 25 млн доллары АӨБ каржылоосунун кредиттик бөлүгү, 25,65 млн АӨБ гранты, 8,9 млн доллары Министрлер кабинети тарабынан бөлүнөт.