Опубликовано
17.07.2023, 04:50Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түштүк Корея Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда кыргыз-корей мамилелерин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар “Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын ишин жакшыртуу” долбоору боюнча макулдашууга кол коюшту.
Бул долбоор Кыргызстан менен Түштүк Кореянын саламаттык сактоо тармагын чыңдоого багытталган.
“Акыркы жылдары эки тараптуу сооданын көлөмү туруктуу темпте өсүүдө жана пандемияга чейинки деңгээлден ашты”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.