
Опубликовано
11.07.2023, 03:33Бүгүнкү күндө жалпысынан кыргызстандык 75 жаран Түштүк Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынын бир жолку төлөм алуучулардын тизмесинде турат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 68 жаранга бир жолку төлөм каралып, төлөнүп берилди. 7 адам чечим күтүп кезекте турат.
Белгиленгендей, орточо бир жолку төлөм 3676 долларды түздү.



