Опубликовано
23.08.2024, 11:50Туризм тармагындагы ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин саны 2023-жылы 10 миң адамды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалында айтылат.
Маалыматка ылайык, кызматкерлердин 23,3%ы мейманкана мекемелеринде иштейт.
Туризм тармагынын бир кызматкеринин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2023-жылы 19 миң 552 сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 73,9%га өскөн.