Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    25.03.2022, 05:30

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому 34 долбоорду сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

    Уюмдун президенти Елена Калашникова Фонддун 2022-жылга карата пландары тууралуу айтып берди.

    Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы 34 долбоор ишке киргизилет, анын ичинде 10 инфраструктуралык долбоор, 9 маалыматтык долбоор, ошондой эле туризм секторунун тутумун түзүү боюнча долбоорлор, ата мекендик туризм индустриясын жакшыртууга жана тармакка инвестиция тартууга багытталган ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлор бар.

    Белгилей кетсек, уставдык капиталы 1 млрд сомду түзгөн «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондун түзүү жөнүндө» чечим президенттин «Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.


    Читать похожее