Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

29.04.2020, 05:00

Турциянын башкы авиакаттамы Turkish Airlines эл аралык каттамдарды 28-майга чейин жүргүзбөйт. Бул тууралуу ТАСС порталы компаниянын башкы директору Биляль Экшинин билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкты.

[news 23523]

«Биз бул канчалык кыйын экенин билебиз. Бирок, бул эпидемияны жеңүү үчүн аягына чейин чыдашыбыз керек. Тилекке каршы, токтотулган ички жана эл аралык катамдарды 28-майга чейин узартабыз», — деп жазган ал өзүнүн Твиттер баракчасына.

Турциянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган 27-мартта өлкөдөгү жашоочуларга коронавирустун жайылышын ооздуктоо боюнча жаңы чараларды жарыялаган. Алардын бири катары ал эл аралык авиакаттамдарды токтотуу керектигин билдирген.