
Опубликовано
26.07.2023, 06:32Кыргызстанда убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөк пулдун өлчөмү эки эсеге көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Мекеме ооруп калган учурда алгачкы 10 күн үчүн эмгек акысынын 100 пайызы, ал эми 11-жумуш күнүнөн тарта 10 миң сом (100 эсептик көрсөткүч) жумуш берүүчүнүн эсебинен төлөнөрүн белгиледи. Буга чейин 10 күндөн кийин кыргызстандыктарга болгону 5000 сом (50 эсептик көрсөткүч) төлөнүп келген.
Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштеген жарандарга толук иштеп тапканынын өлчөмүндө, башкача айтканда, бардык иш күндөрү үчүн - эмгек акынын 100 пайызы төлөнөт.
Жөлөкпулдарды төлөө үчүн эмгекке жарамсыздык боюнча документ болушу шарт.



