
Опубликовано
09.08.2023, 04:28“Учкун” ишканасынын 2020-2022-жылдарга карата ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда 2 млн 809,4 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар болгон. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар эмгек акы, иш сапар чыгымдары, жөлөк пулдар, компенсациялар жана башка төлөмдөрдү төлөө менен байланыштуу.
Мындан тышкары, “Учкун” ААКтын кызматкерлерине бош кызмат ордун айкалыштыруу үчүн эмгек акыга үстөк акы жана Социалдык фондго чегерүүлөр негизсиз белгиленген.
Ошондой эле, 1 млн 7,1 миң сомго товардык-материалдык баалуулуктар жана тастыктоочу документтери жок мүлктөр эсептен чыгарылган.



