Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

29.09.2020, 06:30

Кыргызстандын ооруканаларында 180,6 млн сомдук дары-дармектин камы бар. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

[news 28433]

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдиргендей, күз-кыш мезгилдеринде болору божомолдонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна карата өлкөнүн ооруканалары фонд бөлүп берген 180,6 млн сомго керектүү дары-дармектерди сатып алган.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкек шаары 45,3 млн сомго;
- Ош облусу 45,2 млн сомго;
- Жалал-Абад облусу 39,7 млн сомго;
- Нарын облусу 13,7 млн сомго;
- Баткен облусу 12,3 млн сомго;
- Ысык-Көл облусу 10,4 млн сомго;
- Чүй облусу 10,7 млн сомго;
- Талас облусу 3,2 млн сомго.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөнбаеванын айтымында, дары-дармектер менен жеке коргонуучу каражаттар эсептөөлөргө ылайык сатып алынат.

«Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медицина мекемелериндеги дары-дармектерге мониторинг жүргүзүп турабыз. Андан тышкары, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду да оор жана өтө оор түрдө ооруган учурлар үчүн да дарыларды сатып алат», - дейт ал.

Ооруканалардагы дары-дармектердин тизмеси:

- антиакоагулянтар (гепарин, эноксапарин);
- ден табын түшүрүүчү дарылар (парацетамол, ибупрофен), дезагрегант (Ацетилсалицил кычкылы);
- Цефалоспориндер тобундагы антибиотиктер;
- Амоксициллин+Клавулан кычкылы;
- наркоз дарылары;
- физиологиялык аралашма;
- Рингер аралашмасы;
- пероралдык регидратация үчүн туздар.


Читать похожее

  • 28.07.2024, 22:20:09
  • 16.05.2024, 01:51:48
  • 16.05.2024, 00:52:09
  • 16.04.2024, 00:20:53