Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    06.03.2022, 05:13

    УКМК "жалган кызматкери" опузалап талап кылып жана акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

    Кармалган жаран УКМК тарабынан кылмыш ишинин материалдарынын негизинде жакын тууганына карата Талас облусунун соту жана прокуратурасы тарабынан оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүп берем деп "Т.Г.М." аттуу жарандан 300 миң сом талап кылган.

    "4-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча "Т.Г.М." аттуу жарандын арызы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, талап кылган акча каражатынын 200 миң сомун алып жаткан учурунда кармалды", - деп айтылат билдирүүдө.

    Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


    Читать похожее