Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

04.03.2024, 05:15

Кыргызстанда улакчылар оюн учурунда жаракат алса компенсация төлөнөт. Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Нурлан Максутов оюнчулардын ден соолугун камсыздандыруу процесси башталганын билдирди.

Тиешелүү полисти алгачкылардан болуп Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасы алды.

"Полисти албагандар турнирлерге катыша албайт", — деди Максутов.

Белгилеп кетсек, камсыздандыруу полиси 2 миң 800 сом болот, камсыздандыруу төлөмүнүн суммасы 200 миң сомго чейин деп белгиленген.