Опубликовано
28.10.2020, 03:15Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.
[news 29435]
Маалыматка ылайык, Улукбек Кочкоров кызматтан кетүү тууралуу өз ыктыяры менен арыз жазган.
Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамынын 24- беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кочкоров Улукбек Тойчубаевичтин өзү жазган арызынын негизинде кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынды жана ал Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду.