Опубликовано
23.02.2020, 03:0024-февраль, дүйшөмбү күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 5 жылдык казыналык облигацияларынын аукциондук эмес жайгаштыруусун өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында айтылат.
[news 21338]
Эмиссиянын көлөмү 200 млн сомду түзөт. Мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү 10,6 пайызды түзөт. Бир баалуу кагаздын баасы 82,5 сом болот.
Кошумчалай кетсек, дүйшөмбү күнү Улуттук банк 50 млн сомдук 12 айылк мамлекеттик казыналык векселдерин жайгаштырууну өткөрөт. Векселдердин кирешелүүлүгү 6 пайызды, ал эми баалуу кагаздардын бир даанасы үчүн баа 94,28 сомду түзөт.