Опубликовано
27.02.2024, 04:35Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу аталган банктын Коммуникация жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.
Анын айтымында, чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.
Эсептик чен инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа инфляциялык процесстер акырындайт, бирок экономикалык өнүгүү темпи төмөндөйт.