
Опубликовано
01.08.2023, 05:00Улуттук банктагы жүргүзүлүп жаткан монетардык саясат мурдагыдай эле орто мөөнөттүү мезгилде инфляция деңгээлин 5-7%га чейин төмөндөтүүгө багытталат. Быйыл июль айында инфляциянын деңгээли 10,3%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Белгиленгендей, жалпысынан инфляциянын күндөлүк динамикасын баалоо Улуттук банктын күтүүлөрүнүн алкагында калат. Мында өлкөдөгү инфляцияга түрткү берген факторлордун сакталып турушу монетардык жана бюджет-салык саясатын андан ары ишке ашырууда макулдашылган кадамдарды талап кылат.
Кошумчалай кетсек, Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 13% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Эгер кандайдыр бир тобокелдик жаралса, Улуттук банк монетардык саясатына кошумча түзөтүүлөрдү киргизет.



