Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

11.03.2022, 03:21

Кыргызстандын Улуттук банкы 10-мартта интервенция жасап, валюта рыногуна 59,30 млн доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын 39,85 млн доллары накталай түрдө сатылган.

2022-жылдын башынан 11-мартка чейин доллардын сомго карата расмий курсу 21,61%га өсүп, 1 АКШ доллары үчүн 84,8000 сомдон 103,1214 сомго чейин жогорулаган.

Үстүбүздөгү жылдын башынан 10-мартка чейин Улуттук банк 284,30 млн доллар өлчөмүндө чет өлкө валютасын сатуу боюнча беш интервенция жасаган.


Читать похожее

  • 10.03.2022, 21:21:51
  • 04.03.2022, 05:38:23