Опубликовано
31.03.2022, 03:12Кыргызстандын Улуттук банкы алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында 5,4 млн доллар сатып алуу боюнча валюта интервенциясын жүргүздү. Бул тууралуу борбордук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Учурдагы өзгөрүлмө алмашуу курсу боюнча чет өлкө валютасынын курсунун динамикасы ички валюта рыногундагы суроо –талаптын жана сунуштун балансынын негизинде аныкталат.
Мындан тышкары, Улуттук банк ички валюта рыногу боюнча катуу талап койгон жөнгө салуучу болуп саналбайт жана валюталар курсунун тенденциясын аныктабайт, ал алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жеңилдетүү максатын гана көздөйт.
"Ал эми АКШ долларынын кыргыз сомуна карата курсунун төмөндөөсү боюнча айтсак, алмашуу курсу калктын жана ар кандай бизнес- коомчулуктун чет өлкө валютасына карата суроо-талабы менен сунушунун учурдагы балансынан түзүлөт. Суроо-талап жана сунуштун балансына тышкы сыяктуу эле, ички факторлор да таасирин тийгизет. Демек, АКШ долларынын курсунун төмөндөөсүнө чет өлкө валютасынын сунушунун ага болгон суроо-талаптан артышы, ошондой эле Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн улуттук валюталарынын АКШ долларына карата бекемделиши таасирин тийгизген", - деп айтылат билдирүүдө.
Улуттук банк ички валюта рыногунда жана тышкы финансылык рыноктордо түптөлгөн жагдайга дайым көз салып турат жана зарыл учурларда акча-кредит саясатынын негизинде тиешелүү чараларды көрөт.