
Опубликовано
30.10.2020, 04:52Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн 29-октябрда кезектеги интервенцияны жасады. Бул тууралуу аталган банктан маалымдады.
Улуттук банк валюта рыногунда 42,4 миллион доллар сатты.
[news 29514]
Ошентип, жыл башынан бери 15-интервенция жүргүзүлдү. Бул аракет улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашууда.
Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулап жатат. Бүгүнкү күндө бир доллардын сомго карата наркы сатуу 81,7 сом, сатып алуу 81,9 сом.



