Опубликовано
27.03.2022, 03:00Кыргызстанда орус рубли жүгүртүүгө чыгарыландыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык улуттук валюта – сом өлкөнүн бүтүндөй аймагында төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча кабыл алынууга милдеттүү болгон, бирден бир мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат.
Кыргызстанда эсептешүүлөр жана төлөмдөр өлкөнүн улуттук валютасында жүргүзүлөт. Төлөм валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныктала турган, экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимин эске албаганда, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баа сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш.
Кыргызстандын мыйзамдарында өлкө аймагында эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте чет өлкө валютасына жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да каралган.
Өлкө аймагында накталай жана нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу (алмашуу) операциялары Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына ээ банктар жана башка банк эмес финансы-кредит мекемелери тарабынан гана жүзөгө ашырылат.
"2022-жылдын 17-мартында Евразия экономикалык комиссиянын кеңешинин отуруму болуп өткөндүгүн белгилейбиз, анда Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо чаралары көрүлгөн. Көрүлгөн чараларда өз ара соода жүргүзүүнүн алкагында эсептешүүлөрдү ишке ашырууда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү каралган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө коом арасында жаңылыштыктарды жараткан такталбаган жана чындыкка туура келбеген маалыматтарды өз ресурстарында жарыялоодон алыс болууну сунуштайт.