Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    13.03.2022, 03:47

    Улуттук банк коммерциялык банктарга, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга нак АКШ долларын Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

    Кыргызстанда экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында Улуттук банк башкармасы 11-мартта "Кыргызстандын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө" токтомун кабыл алды.

    "Аталган токтомго ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына ээ КР коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына 11-мартта саат 17:30дан тартып, нак АКШ долларын Кыргызстандын аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынды", - деп айтылат билдирүүдө.


    Читать похожее