Akchabarsearch
    Источник фото: WWW

    Опубликовано

    07.12.2022, 06:58

    Кечээ, 6-декабрда Улуттук банк валюта рыногуна 59,5 миллион АКШ доллар сатты. Бул тууралуу тийиштүү мекеме билдирди.

    Жыл башынан бери Улуттук банк валюта рыногуна жети жолу интервенция менен чыгып, акыркысын эске алганда 331,5 миллион доллар сатты. Анын ичинен накталай 10-мартта 66 миллион 650 миң доллар сатса, калганын накталай эмес түрдө саткан.

    Буга чейинки интервенция 16-ноябрда жасалган. Анда 55,2 миллион долларга сатылган. Быйыл Улуттук банк эң көп сумманы 27-январда 86,5 миллион доллар саткан.

    Ошондой эле, ушул жылы Улуттук банк жети жолу тескери интервенция менен чыгып, жалпысынан 190 миллион 740 миң доллар сатып алган.

    Валюталык интервенция Улуттук банк тарабынан алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн көзөмөлдөө максатында жүргүзүлөт.

     


    Читать похожее