Akchabarsearch

    Опубликовано

    20.03.2022, 03:22

    Кыргызстанда экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу максатында Улуттук банк 18-мартта “Кыргызстандын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө” токтомун кабыл алды. Бул тууралуу борбордук банктын расмий сайтында жарыяланган.

    Бул токтомго ылайык, комбанктар, алмашуу бюролор, микрофинансылык уюмдар 19-марттан тартып кыргыз сомуна карата казак теңгесин сатып алуу курсун Улуттук банк тарабынан белгиленүүчү кыргыз сомуна карата казак теңгесинин расмий курсунан 70 пайыздан ашпаган өлчөмдө салмактанып алынган тобокелдик коэффициентин эске алуу менен белгилеши керек.

    Ошондой эле комбанктар жана микрофинансылык компаниялар ачык валюта позициясынын лимитинин мааниси казак теңгеси үчүн таза суммардык/ өздүк капиталынан бир пайыз өлчөмүндө, Улуттук банк белгилеген тартипте аткарышы керек.

    Улуттук банк тарабынан казак теңгесинин кыргыз сомуна карата расмий курсун аныктоонун учурдагы тартиби өзгөрүүсүз калтырылды.

    Убактылуу тартипти киргизүү валюта рыногуна чет өлкөлүк валюталардын өзгөрмөлүүлүгүнүн терс таасирин минималдаштырууга, ошондой эле валюталык операцияларды жүргүзүүдө зарыл талаптарды жана милдеттенмелерди аткарууга багытталган.


    Читать похожее