Опубликовано
20.11.2020, 03:25Улуттук банк төртүнчү күн катары менен валюталык рынокко интервенция менен чыгып атат. Бул ирет банк 3 млн доллар сатты.
[news 29944]
Бул ноябрь айындагы бешинчи интервенция болуп эсептелинет. Улуттук валютанын курсун жакшыртуу үчүн регулятор ноябрь айында жалпысынан 55 млн доллар сатты.
Белгилей кетсек, америка валютасынын сомго карата коммерциялык банктардагы курсу, Улуттук банктын жүргүзгөн интервенциясына эч кандай таасир берген эмес. Азыркы учурда банктарда доллар мурункудай эле 84.7-84.9 сом менен турат.