Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

10.04.2020, 09:45

Кыргызстандын валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева билдирди.

[news 23049]

Анын айтуусуна караганда, жыл башынан бери доллардын курсу сомго карата 11,92% өскөн. Башкача айтканда, 69,5 сомдон 78,8 сомго чейин.

Андан тышкары, Карабаева кошумчалагандай, жыл башынан тартып 10-апрелге чейин Улуттук банк тарабынан 8 ирет интервенция жасалган (126,9 млн доллар).

«Эл аралык резервдин көлөмү учурда 2 млрд 368 млн АКШ долларын түзөт», - деди ал.