Akchabarsearch
Источник фото: Улуттук банк

Опубликовано

14.06.2023, 06:00

Улуттук банктын төрагасы "Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2023-2025-жылдарга стратегиялык иш-аракеттер планын бекитүү тууралуу" буйругуна кол койгон. ​Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, планда ачык-айкындуулукту, ачыктыкты жогорулатууну камсыз кылуу, коррупцияга каршы билим берүү жана коррупцияны алдын алуу боюнча иш-чаралар камтылган.

Улуттук банкта этиканы сактоо жана коррупцияга жол бербөө боюнча комиссия коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2023-2025-жылдарга стратегиялык иш-аракеттер планынын долбоорун талкуулоо боюнча отурум өткөрдү. Отурумга Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү М.Ш. Аттокуров жана аталган комиссиянын башка мүчөлөрү катышты.

Жыйынтыгында Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2023-2025-жылдарга стратегиялык иш-аракеттер планынын долбоору жактырылып, Улуттук банктын төрагасына бекитүүгө жөнөтүлдү.


Читать похожее