
Опубликовано
15.08.2023, 03:37Ушул жылдын 1-июлуна карата Улуттук банктын 49,8 тонна алтын түрүндөгү активи бар. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Анын ичинен 17,1 тонна баалуу металл эл аралык резервге кирет. Калган 32,7 тонна алтын жана монетардык эмес алтындагы запастар.
“Алтын-валюта резервинин көлөмүн толуктоо саясатынын алкагында Улуттук банк жергиликтүү өндүрүүчүлөр сунуштаган алтынды улуттук валютага гана сатып алууда. Бул операциялар Улуттук банк тарабынан “Кыргызалтын” ААК жана жергиликтүү баалуу металл өндүрүүчүлөр менен түзүлгөн башкы келишимдердин алкагында гана жүргүзүлөт. “Кумтөр Голд Компани” менен Улуттук банктын ортосунда эч кандай келишим түзүлгөн эмес”, - деп билдирди Улуттук банк.



