Опубликовано
29.08.2023, 11:36Быйыл 31-июлга карата Улуттук банктын резервинде 49,8 тонна алтын бар. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчысы Азат Козубеков билдирди.
Бул төрт айда көрсөткүч 2,5 тоннага өскөн дегенди билдирет.
Улуттук банктын монетардык эмес алтын жана алтын резервдери 159 млрд 145,8 млн сомго бааланган. Улуттук банктын активдериндеги алтын 94 млрд 145,8 млн сомго бааланууда.