Опубликовано
20.05.2024, 06:21Улуттук банк 2023-жылга карата ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Банктын кирешеси 12 млрд 436 млн 56 миң сомду түздү. Киреше 2022-жылга салыштырмалуу 22,07%га (10 млрд 186,9 млн сомдон) өскөн. Башкармалыктын мүчөлөрүнүн сый акылары дагы көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын каржылык баяндамасында айтылат.
Бирок, Улуттук банктын кирешеси гана эмес, чыгымдары да өскөн. Алсак, таза пайыздык чыгаша 2,2 эсеге көбөйүп, 3,2 млрд сомго, ал эми административдик чыгашалар 381,9 млн сомго өсүп, 2 млрд сомго жакындаган.
Улуттук банктын административдик чыгымдарынын дээрлик 68%ын кызматкерлердин чыгымдары түзөт. 2023-жылы бул чыгымдар 1 млрд 298,4 млн сомдон ашып, 2022-жылга карата 37%га өскөндүгүн (947,7 млн сом) көрсөткөн. Бул Соцфондго 190,1 млн сом төлөм, ал эми кызматкерлерге төлөнүүчү сый акыга 1,1 млрд сом жумшалган.
Ушул эле суммага Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн чыгашалары кирет.
Жөнгө салуучу органдын финансылык отчетуна ылайык, 2023-жылга директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы сый акылары 84 млн 355 миң сомду түздү.
“Бул эмгек акыларды жана бардык төлөмдөрдү камтыйт”, - деп түшүндүрөт Улуттук банк.
“Улуттук банк жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 57-беренесинин “Башкаруу иштерин уюштуруунун” 12-бөлүмүнө ылайык, башкармалыктын курамына башкармалыктын төрагасы, анын үч орун басары жана коллегия мүчөлөрү кирет. Жалпы жети киши. Ошентип, жалпы чыгашаны ар бир мүчөгө бөлсөк, ар бирине жылына 12,05 млн сом, же айына 1 млн 4,2 миң сом жумшалат.
Ошол эле учурда, 2022-жылы башкармалыктын жалпы чыгымы 31 млн 992 миң сомду түзгөн. Мында, киши башына түшкөн киреше айына 380 миң 857 сомдун тегерегинде болгон.
Башкармалыктын жалпы чыгашасы бир жылда 2,6 эсеге өскөн.
Өткөн жылдардын баяндамасына караганда, башкармалыктын мүчөлөрүнүн кирешесинин көбөйүшү кадыресе көрүнүш. 2014-жылдан бери (бул жылга чейин эч кандай талдоо жүргүзүлгөн эмес), алар 3,4% -70% га чейин туруктуу өскөн.