Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.04.2024, 10:56

    9-майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары 20,4 миң сомдон алышат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

    Жалпысынан 637 адамга 9 млн 934 миң сом бир жолку акчалай жөлөк пул берилет.

    Аны төмөнкүлөр алышат:

    • Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары – 5 адам — 20 миң 600 сом;
    • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары – 23 адам — 20 миң 400 сом;
    • концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары – 8 адам — 20 миң 400 сом;
    • “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар – 11 адам — 20 миң 400 сом;
    • Улуу Ата Мекендик согуштагы фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана экинчи никеге турбаган жесирлери — 1 адам – 15 миң 200 сом;
    • Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 589 адам — 15 миң 100 сом өлчөмүндө.

    Читать похожее

    • 08.05.2024, 04:05:16
    • 01.05.2024, 22:00:09
    • 16.04.2024, 04:56:42