Опубликовано
07.07.2023, 10:53Быйыл Улуу Британиянын айыл чарба ишканалары Кыргызстандын 8 миңге жакын жаранын сезондук жумушка кабыл алат. Бул тууралуу бүгүн Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер билдирди.
Ал бул маселени президент Садыр Жапаров менен ишеним грамотасын тапшыруу аземинде айтты.
Дипломат кыргызстандыктарды британдык айыл чарба компанияларында ишке орноштуруу долбоорун бүгүнкү күндө эң ийгиликтүү биргелешкен долбоорлордун бири деп атоого болорун белгиледи.
Президент Садыр Жапаров менен элчи эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерин өнүктүрүүдө жигердүү кызматташууга даяр экенин белгилешти.