Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    18.03.2022, 04:08

    Кечээ, 17-мартта Жогорку Кеңеш унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнегин караңгылатуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алынды.

    Унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнегин караңгылатууга мыйзамдын негизинде уруксат берүү үчүн төлөм киргизүүнү караган мыйзам долбоорунун негизинде унааларга айнектерин караңгылатууга уруксат берүү, эсепке алуу жана байкоо жүргүзүү Carcheck элекрондук тиркемеси аркылуу ишке ашат.

    Бул мыйзамдын кабыл алынышы менен жыл сайын 20 миң унаанын терезеси караңгылатары болжолдонуп жатат.

    Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жол кыймылы маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору министрлер кабинети тарабынан төмөнкү максаттарда демилгеленген:

    • автотранспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүртөөнү мыйзамдаштыруу (транспорт каражаттарынын ээлери үчүн транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө мыйзамдуу түрдө уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү);
    • транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн айдоо үчүн эреже бузуулардын санын азайтуу.

    Айта кетсек, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Так баасын министрлер кабинети мыйзам кабыл алынгандан кийин чечет.


    Читать похожее