Опубликовано
13.04.2020, 10:10Кыргызстандык айдоочулар унаасынын ишеним катынынын мөөнөтүн өзгөчө абал аяктагандан кийин биринчи иш күнүндө узарта алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
[news 22547]
Каттоо кызматынан белгилешкендей, учурдагы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу «Унаа» мекемеси унаа каражаттарын каттоо боюнча кызмат көрсөтүүсүн токтоткон. Ошол эле учурда жарандардын жана юридикалык жактардын унаасынын ишеним катынын мөөнөтү аяктаган учурлар бар.
«Эгер документтин мөөнөтү аяктаган күн жумуш эмес күнгө туура келсе, анын мөөнөтү аяктаган күн жакынкы боло турган иш күнү болуп эсептелет. Унаа каражатынын ишеним катынын мөөнөтү өзгөчө абал учурунда аяктаган жарандар жана юридикалык жактар каттоону өзгөчө абал аяктагандан кийин "Унаа" ишканасынын бөлүмдөрүнүн биринчи иш күнүндө жасай алышат», - деп билдирет Каттоо кызматы.