Опубликовано
18.07.2023, 03:27Ички иштер министрлиги унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнүн баасын убактылуу кыскартууну сунуштоодо. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Токтомдун долбоору мекеме аралык коомдук талкууга коюлду. Долбоор жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.
“Быйыл 1-январдан тарта 1794 унаа ээси 144 млн 560 миң сомго унааны караңгылатуу укугун сатып алышкан”, - деп айтылат маалыматта.
Уруксат алууну каалагандардын саны көбөйбөй, ошол эле деңгээлде калууда. Ошондуктан, акция өткөрүү жана төлөмдөрдүн көлөмүн убактылуу төмөндөтүү сунушталууда:
Эске салсак, Кыргызстанда автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат кагаздарын берүү өткөн жылдын 1-июнунда башталган.