Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

03.07.2023, 07:45

“Агросоода” долбоору дыйкандардын кирешесин жогорулатууга, учурдагы агробизнести кеңейтүүгө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы өндүрүштү жана маркетингди жакшыртуу аркылуу азык-түлүк жана айыл чарба өнүмдөрүн сатууну көбөйтүүгө багытталган иш-чараларды каржылоо үчүн чакан гранттарга арыздарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу USAIDден билдиришти.

Маалыматка ылайык, микро, чакан жана орто айылдык ишканалар, айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана кошумча нарк чынжырлары үчүн кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүүчү финансылык чечимдерде инновацияларды илгерилетүүчү аялдарга жана жаш ишкерлерге артыкчылык берилет.

"Чакан гранттар 3 миң доллардан 5 миң долларга чейин берилет",- деп айтылат маалыматта.

Тиркемелер RFAKyrgyzAgroTrade@kyrgyzagrotrade.com дарегине жөнөтүлүшү керек. Арыздар 2023-жылдын 14-июлуна чейин үзгүлтүксүз түрдө каралат.


Читать похожее