Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

10.07.2023, 03:20

Ушул аптада Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы туннель асфальт-бетон төшөө иштерине байланыштуу 10 саатка жабылат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Буга байланыштуу унаалардын өтүүсүнө 10 саатка чейин убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Туннелдин так жабылуу убактысы кийинчерээк жарыяланары белгиленди.

Учурда туннелде электр чубалгылары толугу менен алмаштырылып, прожекторлор орнотулду. Ошондой эле, тоннелди актоо, сырдоо жана бетон плиталарын алмаштыруу иштери аяктады.


Читать похожее