Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

09.08.2024, 09:09

"Uzbekistan Airways" жана "Silk Avia" авиакомпаниялары Өзбекстандын эгемендүүлүк күнүнө карата аба каттамдарына арзандатуу болорун жарыялады.

"Uzbekistan Airways" 31-августтан 3-сентябрга чейин эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда аткарылуучу бардык ички каттамдарга майрамдык баага 30%га чейин арзандатат.

Арзандатылган авиа билеттерди 6-августтан 3-сентябрга чейин сатып алууга болот.

Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн тарифтен тышкары ар кандай салыктар, жыйымдар жана кошумча төлөмдөр белгиленет, алар үчүн жеңилдиктер колдонулбайт.

"Silk Avia" авиакомпаниясы 31-августтан 3-сентябрга чейин бардык каттамдар үчүн тарифтерге 15% чейин арзандатуу болорун билдирди.

Арзандатылган авиа билеттерди 2024-жылдын 9-августунан 3-сентябрына чейин сатып алса болот.


Читать похожее

  • 09.08.2024, 03:09:58
  • 14.03.2024, 04:55:29
  • 10.01.2024, 23:40:30
  • 21.11.2023, 23:40:35