akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    03.11.2020, 11:30

    Доллардын официалдуу курсу 2.32% жогорулап, 83.7 сомду түздү. Евронун баасы дагы 2.77% жогорулап, 97.8 сомдон сатылууда. Мындан сырткары, сомдун рублга карата 3.05%, теңгеге карата наркы 2.55% төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук банктын материалдарында маалымдалат.

    Ошол эле учурда коммерциялык банктарда 1 $ - 84.2 сом менен, евро — 98.5-98.8 сом менен сатылууда.

    Белгилей кетүүчү нерсе, Москва биржасында доллар бир аз төмөндөп, — 79.6 рублду түздү, евро - 93.1 рубль менен сатылууда. Россиянын Борбордук банкы берген маалыматка ылайык, америка валютасы 80 рублду, евро — 93.3 рублду түзүүдө.

    Ошону менен катар эле мунайдын баасы дагы бир аз көтөрүлдү. Азыркы учурда Brent мунайынын бир баррелге болгон баасы 39.9 $, ал эми WTI — 37.8 $ түзүүдө.


    Читать похожее